Аткезчилик жол менен келаткан жүк кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматы менен УКМК кармаган жүк.

11-декабрда аткезчилик жол менен алынып келаткан жалпы суммасы 3 200 000 сомдук жүктү Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен чогуу кармашты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасынан автоунаасы менен мыйзамсыз өткөн Кыргызстандын жараны кармалган. Анын машинесин текшерүү учурунда аткезчилик менен алынып келаткан «Samsung» үлгүсүндөгү 200 чөнтөк телефон жана 320 куту жүзүм табылган.

Кармалган жаран менен жүк УКМКнын аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. (BTo)