Молдованын президенти кайрадан ишинен четтетилди

Игорь Додон.

Молдованын Конституциялык соту президент Игорь Додонду кайрадан кызматынан четтетти. Буга Додон өзүнүн конституциялык милдеттерин аткаруудан баш тартып, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбой койгону негиз болгону айтылды.

Соттун чечими батышчыл Демократиялык партиянын арызы боюнча кабыл алынды.

Бул – Орусия тарапка ыктаган Игорь Додондун бир жылда эле кызматтык милдеттерин аткаруудан бешинчи ирет четтетилиши.

Молдованын өкмөтү батышчыл жана европачыл. 2016-жылдагы президенттик түз шайлоодо мурдагы социалисттер партиясынын төрагасы Додон утуп чыккан. Ал батышчыл парламент жана өкмөт менен бир катар маселелер боюнча пикири келишпей жүрөт. (RK)<