Академик Лущихиндин ыр жыйнагынын бет ачары өтөт

Улуттук илимдер академиясынын башкы имараты.

Бүгүн Бишкекте кыргыз кой чарбачылыгынын илимий негиздөөчүсү Михаил Лущихиндин поэтикалык ыр жыйнагынын бет ачары болот.

Улуттук илимдер академиясында Биотехнология институтунун демилгеси менен өтө турган иш-чара Орусиянын “Звезда” телеканалы жана Урал мамлекеттик агрардык университети менен бирге уюштурулууда.

«Я не поэт…» деген жыйнакка акын окумуштуунун ырлары кирди.

Михаил Лущихин XX кылымда жашап өткөн – 1905-жылы Москвада туулуп, 1978-жылы каза болгон.

Ал Кыргыз айыл чарба институтунда, Илимдер академиясында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

“Кыргыз элиме арнайм!” деген ат менен 1964-жылы Кыргызстандын уяң жүндүү мал чарбачылыгы тууралуу монографиясы кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн.

2001-жылы академик Лущихин көзү өткөндөн кийин кыргыз кой чарбачылыгынын илимий негиздөөчүсү, кыргыз уяң жүндүү коюнун автору катары Кыргыз Республикасынын “ХХ кылымдагы илимде ири жетишкендиктери үчүн” алтын медалына татыктуу болгон. (RK)