Мэй: Брексит келишимине добуш берүү кийинкиге жылдырылат

Британ премьер-министри Тереза Мэй.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй британ парламентинде Брексит келишимине добуш берүү кийинкиге жылдырыларын билдирди. Ал Өкүлдөр палатасындагы чукул кайрылуусунда британ өкмөтү менен Евробиримдиктин ортосунда өткөн айда макулдашылган келишим парламентте чоң айырма менен четке кагылышы мүмкүндүгүн мойнуна алды.

Ошол эле учурда бул келишимди туура мунаса катары мүнөздөп, депутаттарды тынчсыздандырган маселелер боюнча Евробиримдик менен сүйлөшүшү мүмкүндүгүн ишара кылды.

Ноябрдын соңунда макулдашылган келишимде Британиянын Евробиримдиктен кандай шартта чыгаарын жазылган. Британ парламенти бул келишимге 11-декабрда добуш бериши керек эле.

Парламенттеги либерал-демократтар, лейбористтер, керек болсо Мэйдин Консерваторлор партиясынын өкүлдөрү да бул макулдашууга каршы добуш бере турганын билдиришкен.

Британ өкмөтүнүн соңку чечиминин алдында Европа Биримдигинин башкы соту "Британия уюмдун башка 27 мүчөсүнүн уруксаты жок эле Брекситтен баш тартса болот" деген тыянакка келген.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочулары Евробиримдиктен чыгууну жакташкан. Жол картасына ылайык, Британия 2019-жылдын 29-мартында уюмдагы мүчөлүгүн толук токтотушу зарыл.