Армения: Пашиняндын альянсы добуштардын 70,4% алды

Никол Пашинян өз альянсынын мүчөлөрүн куттуктап жатат. 10-декабрь, 2018-жыл.

Арменияда жекшемби күнү мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун акыркы расмий жыйынтыктарына ылайык, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген “Менин кадамым” альянсы добуштардын 70,4 пайызын алды.

"Кубаттуу, кубаттуу, кубаттуу эл! Баарыңарды жакшы көрөм, силер менен сыймыктанам, бардыгыңарга таазим кылам. Күчтүү болобуз!", - деп жазды Пашинян жыйынтыктар белгилүү болгондон кийин "Фейсбуктагы" барагына.

Андан мурда Пашинян шайлоочулар парламенттеги "революциялык көпчүлүк" үчүн добуш бергенин айткан.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялагандай, буга чейин парламентте көпчүлүктү түзүп келген мурдагы премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы 4,7% гана добуш топтоп, 5 пайыздык босогодон өтө албай калды.

Пашиняндын негизги атаандашы катары мүнөздөлгөн Гагик Царукяндын “Гүлдөгөн Армения” партиясы 8,3% ээ болду. Үчүнчү орунга 6,4% добуш менен “Жаркын Армения” партиясы чыкты.

Жекшембиде Арменияда жалпы шайлоочулардын 48,6 пайызы добуш берди. Бул 2017-жылдын апрель айындагы парламенттик шайлоодогу көрсөткүчтөн 12 пайызга азыраак.

Бул шайлоо Арменияда жүз миңдеген адамдар көчөгө чыгып, бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан тогуз ай өткөндөн кийин болду.