Кыргызстандык депутаттар Армениядагы шайлоого байкоо салышууда

Армениядагы шайлоо.

Арменияда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоого КМШнын байкоочулар миссиясынын курамында кыргызстандык депутаттар жана БШК мүчөлөрү байкоо салууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда бул миссиянын алкагында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, депутат Максат Сабиров, БШКнын төрагасынын орун басары Акылбек Эшимов жана мүчөсү Елена Жылкычиева Арменияда жүрөт.

Армениядагы парламенттик шайлоого тогуз партия жана эки блок катышууда. Сурамжылоолор боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген “Меним кадамым” блогу парламенттиги көп орунду ээлиши мүмкүн. (BkA)