Германиянын бийликтеги "Христиан-демократиялык биримдиги" партиясы бүгүн, 7-декабрда Гамбургдагы курултайында жаңы лидерин тандаганы турат. Партияны 18 жылдан бери башкарып келген немис канцлери Ангела Меркелдин ордуна үч талапкер ат салышууда. Алар партиянын баш катчысы Аннегрет Крамп-Карренбауэр, христиан-демократтардын парламенттеги фракциясынын мурдагы лидери Фридрих Мерц жана саламаттык сактоо министри Йенс Шпан.
29-октябрда Меркел 2021-жылы канцлердик мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан бул кызмат үчүн ат салышпай турганын, өз партиясынын жетекчилигинен жыл соңунда кетерин билдирген. Ал бул чечимин христиан-демократтар аймактык шайлоолордо ийгиликке жетпей калгандан кийин жарыялаган.
64 жаштагы Ангела Меркел 2000-жылы партиянын төрайымы болуп шайланган. Беш жылдан кийин канцлер болуп, андан бери бул кызматты колдон чыгара элек болчу.