Йылдырым: Кыргыз мигранттарын социалдык камсыздандыруу маселесин карайбыз

Түркия, Стамбул шаары.

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын социалдык камсыздандыруусу парламентте каралат. Бул тууралуу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Биналы Йылдырым Бишкектеги расмий сапарында билдирди.

- Түркияда отуз миңден ашык кыргыз иштеп жүрөт, - деди ал. - Бул бир туугандарыбыздын социалдык камсыздандыруу укуктары боюнча келишимибиз бар. Ошондой эле Кыргызстанда иштеген түрк жарандарынын социалдык камсыздандыруу укуктары тууралуу келишим бар. Жакында эле бул келишим "Жогорку Кеңештен өттү" деген кабар алдык. Биз да Түркиянын парламентинде бул келишимди ратификациялоо жагынан иштейбиз. Мындан кийин эки өлкөнүн жарандарынын укуктарына тоскоолдук болбойт.

Эки өлкөнүн жарандарын социалдык камсыздандыруу тууралуу келишимге кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун быйыл 9-апрелде Түркияга болгон расмий сапарында кол коюлган.

Расмий эсеп боюнча, Түркияда 20 миңге жакын кыргызстандык окуп, иштеп жүрөт. Кыз-келиндер арасында үй кызматчы болуп, балдарды карап, кары-картаңдарды багып эмгектенгендер көп. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын көбү бир жылдык туристтик виза менен келет. Алар Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет. (ElB)