Араванда үч тонна пахта күйүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда пахта тазалоочу ишкананын кампасында жыйналып турган үч тонна пахта күйүп кетти. Бул тууралуу 7-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя жумага караган түнү Тепе-Коргон айылында болгон.

Адистер өрттүн чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгонун айтууда.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпысынан 17 өрт катталды. Адам өмүрүнө зыян тийген учур болгон жок. (RK)