Ысык-Көл: шамалдын кесепети 16 миллион сомдон ашты

Ысык-Көлдөгү шамалдан кийинки көрүнүш.

Ысык-Көл облусунда 1-декабрга караган түнү болгон катуу шамалдын зыяны 16 688 220 сомго бааланды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Шамалда 30га жакын социалдык объект, төрт мамлекеттик мекеме, 400дөн ашуун турак үй, алты пансионат, 40 баш майда жана кара мал, чарбалык жана жеке менчик мекеме, автонуу зыян тарткан.

Азыркы учурда бардык айыл аймактарда жабыркаган турак жайлар тууралуу текшерүү жүрүп жатат. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү материалдык чыгымдын суммасы өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди. (AsM)