Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. аттуу орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган. Кармалган министрдин орун басары бул тендердик комиссиянын төрагасы болгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. Андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, туугандары болсо ортомчулук милдет аткарган. Атайын кызматтын материалдары боюнча ал паранын суммасын кийинки жумаларда алмак.

Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда.

Кармалган адам транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев болушу мүмкүн. Ал бул кызматка 2017-жылдын февраль айында дайындалып, жол тармагына жооптуу болуп келген. (BkA)