“Эти Бакыр Терексай” өз ишин убактылуу токтотту

Митинг учурунда тартылган сүрөт.

Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтотту. Мындай чечимди ишкананын жетекчилиги кабыл алганын “Азаттыкка” Тоо-кенчилердин кесиптик кошуунунун жетекчиси Элдар Тажибаев билдирди:

- Ишти канча мөөнөткө токтоткону азырынча белгисиз. Аймактагы чыр-чатак жөнгө салынганга чейин иштебей турушу мүмкүн. Бул кандай болгон күндө да өндүрүш. Мамлекеттик органдарга "бул маселени тезирек чечкиле" деп жатабыз. Анткени салык төлөнүп жаткан, 400гө жакын киши жумушсуз калып жатат.

Маалыматка караганда, аталган ишкана социалдык пакеттин негизинде жергиликтүү бийликке жыл сайын 15 млн. сом которот.

Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.

4-декабарда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышкан. (КЕ)