"Бийлегенде майып экенимди унутам"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте төрт ай мурда майыптар үчүн "Round infiniti" же кыргызчага которгондо "Токтобогон айлампа" деп аталган бий студиясы ачылган. Мында арабачандар жай ыргактагы бийлерди үйрөнүшөт. Студиянын жетекчиси Айнура Телеушева 2,5 жыл мурун кырсыктан улам арабага отуруп калган. Телеушева жана хореографтар жакында эле Санкт-Петербургда мастер класста болуп, коляскачандар бийди дүйнөлүк деңгээлде чыгарууга аракет кылып жатышат.