"Коопсуз шаар" долбоору сессиянын күн тартибине акыркы болуп киргизилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин сайтындагы маалыматка караганда бүгүн, 5-декабрдагы сессияда “Коопсуз шаар” долбоору күн тартибине эң акыркы, он биринчи маселе болуп киргизилди. Анда долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо максаты коюлууда.

Маселе жалпы жыйындын күн тартибине өткөн аптада да киргизилип, бирок улам артка жылып, учкай гана каралган. Депутат Рыскелди Момбеков бул маселе "атайын акыркы болуп коюлуп, кенен талкуулоого мүмкүнчүлүк берилбей жатат" деп нааразылык билдирген. Ал долбоорду азыркы баасынан "үч эсе арзан бүткөрсө болмок" деп эсептейт.

«Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега" радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Тиешелүү келишимге 12-ноябрда Бишкекте кол коюлган.

Долбоор бир нече жылдан бери ишке ашпай турат. Быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни" утуп чыккан. Бирок тендердин жыйынтыгы соттук териштирүү менен коштолуп, жыйынтыгында «Веганын» жеңиши негиздүү деп табылган. (NT)