Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүн ачууга кызыгат

Кыргызстан менен Өзбекстандын туулары.

Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүн ачууга кызыкчылыгы бар. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов баштаган делегациянын Ташкенттеги жумушчу сапарында айтылды. 28-ноябрдан 1-декабрга чейин болгон сапардын алкагында 2017-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда жетишилген өкмөт аралык макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды. Мындан сырткары, ишкерлик байланыштарды түзүү, соода, транспорт, өнөр-жай тармагында кызматташуунун келечеги тууралуу сөз болду.

Жолугушууда айыл чарба жабдууларын, жеңил автоунаалар менен автобустарды кураштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймагына машина-техника станциясын куруу мүмкүнчүлүгүн кароо макулдашылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле Шавхат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жанданган. 2017-жылы президенттик жана өкмөттүк деңгээлде эки мамлекетке тең бир катар иш сапарлар болуп, макулдашуулар түзүлгөн. (КЕ)