Грузиянын президенти бийликти оппозиция менен сүйлөшүүгө чакырды

Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили, 28-ноябрь, 2018-жыл.

Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили башкаруучу партияны оппозиция менен диалог жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу 3-декабрда президенттин администрация башчысы Георгий Абашишвили мөөнөтү аяктап жаткан Маргвелашвили менен шайланган президент Саломе Зурабишвили жолуккандан кийин билдирди.

Абашишвили белгилегендей, оппозиция көтөргөн суроолордун тегерегинде сүйлөшүү болушу керек. "Президент башкаруучу партиянын командасын оппозиция менен сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырды. Президент бул процесске катышууга даяр" - деди администрация башчысы.

Абашишвили президент Маргвелашвили оппозиция - бийлик сүйлөшүүсүн өзү уюштурабы же жокпу тактаган жок.

2-декабрда Тбилисиде миңдеген адам көчөгө чыгып, президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну бийликтен талап кылышты. Оппозициялык "Бириккен күч" кыймылынан талапкер болгон Григол Вашадзе саясий кризистен чыгуунун жолу катары шайлоо системасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды.