Министрлик табып Зайналиевге чара көрүү боюнча прокуратурага кайрылды

Хашим Зайналиев.

Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Хашим Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп Башкы прокуратура баштаган укук коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевге чара көрүү талабы менен 2016-жылдан бери бир нече Башкы прокуратурага кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей тургандыгын эскертүүдө.

Буга чейин 28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнөоор акыбалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Хашим Зайналиев дарылаганы айтылууда.

Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандар болгон. (BkA)