Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалы талкууланат

Иллюстрациялык сүрөт.

«Jannat Regency» мейманканасында бүгүн, 3-декабрда премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Майыптардын эл аралык күнүнө карата иш-чара болот.

Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Майыптардын эл аралык күнү жыл сайын 3-декабрда белгиленет. Кыргызстанда бул күндү утурлай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында жер-жерлерде иш-чаралар өткөрүлөт.

Ушу тапта майыптар коомчулугу БУУнун Майыптар конвенциясын ратификациялоого президент Сооронбай Жээнбековду чакырууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) майыптардын укугун коргогон конвенциясын ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин тийиштүү комитетинде 5-ноябрда жактырылган.

БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган бул конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы кол койгон, бирок андан бери парламент ратификациядан өткөрө элек. Конвенциянын башкы максаты - майып адамдардын укуктарын коргоо. Эгер парламент аны ратификацияласа, бийлик майыптардын бардык тармактарда иштешине, жараяндарга катышуусуна шарт түзүшү керек. Өкмөт "документти ишке ашырууга каржылык тартыштык жолтоо болуп жатат" деген негизде 2011-жылдан бери аны парламентке сунуш кылбай келген. Мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптарга шарттын жоктугу эл арасында сындалып келет.