Париж полициясы күйүүчү майга салыктын көбөйүшүнө каршы чыккан демонстранттардын 412си кармалганын билдирди. 1-декабрдагы нааразылыктар учурунда 133 киши жаракат алган, анын 23ү полиция кызматкери.
Ишембиде Париждин борборундагы башаламандык учурунда жүздөгөн киши камакта кармалып турду. Демонстранттар шаардын көчөлөрүнө тосмо орнотуп, от жандырып, айрым мүлккө зыян келтиришти. Тартип сакчылары аларга каршы союл, көздөн жаш чыгарган газ колдонуп, суу чачты.
Франция президенти 2-декабрда өкмөт башчы жана ички иштер министри менен кырдаалды талкуулай турганы кабарланган. Мамлекет башчы Эммануэл Макрон тартип бузгандар жооп берерин белгилеген. Анын алдында өкмөт өкүлү мамлекетте "чукул кырдаал" жарыяланышы ыктымалдыгын "Europe1" радиосуна билдирген.
Жергиликтүү басылмалар нааразылыктарга 75 миң киши чыкканын жазууда.
Өздөрүн "Сары кемселчендер" атаган демонстранттардын акциясы француз бийлигинин 2019-жылдан тарта күйүүчү май үчүн салыкты жогорулатуу тууралуу чечиминен кийин өткөн айда башталган. Париж салыкты көтөрүү чечимин абанын булганышына каршы чара катары түшүндүрүүдө. Буга чейин да ондогон адам камалган.