G20 саммитинин катышуучулары ДСУну реформалоого чакырышты

Аргентинадагы саммиттин катышуучулары.

"Чоң жыйырманын" лидерлери эл аралык соода-сатык учурдун талабына жооп бербей калганын белгилеп, Дүйнөлүк соода уюмун (ДСУ) реформалоо керек деген бүтүмгө келишти. Баяндамада катышуучулардын баары ар тараптуу соода-сатыкты колдой турганы, бирок бул система реформага муктаж экени белгиленген.

1-декабрда Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте аяктаган G20 саммитинде кабыл алынган баяндамада катышуучулар климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөш боюнча Париж келишимин колдой турганы айтылат. Келишимден чыккан АКШ гана бул пикирге кошулган эмес.

"Чоң жыйырманын" 2019-жылдагы саммити Жапониянын Осака шаарында болот.

"Чоң жыйырманын" курамына эң өнүккөн, өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.