Меркель Путинден украиналык деңиз аскерлерин бошотууну суранды

Германия канцлери Ангела Меркель Буэнос-Айрестеги "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жеке жолугушуу өткөрдү. Канцлердин өкүлү Стефан Зайберт билдиргендей, лидерлер Сирия жаңжалы жана Москва менен Киевдин ортосундагы чыңалуу жаатында сүйлөшүштү.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Меркель Путинден украиналык деңиз аскерлерди эркиндикке чыгарууну өтүндү. Орусия президенти бул маселе сотто чечилерин белгиледи.

Песков Путин АКШ президенти Трамп менен да кыскача баарлашканын, кеңири сүйлөшүү болбогонун кошумчалады. Мурдараак орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Трамп менен жолугушуу болбой калганына Путин "өкүнүч билдиргенин" айткан.

1-декабрда Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукмак. Бирок күн мурда АКШнын мамлекет башчысы бул кездешүүдөн баш тарткан. Буга Керч кысыгындагы жаңжал, Орусия Украинага кемелерин жана деңиз аскерлерин кайтарып бербей жатканы себеп болгонун айткан.

25-ноябрда Украина менен Орусиянын кемелеринин ортосундагы жаңжалда жалпысынан 24 украин жоокерин орус тарап кармаган. Батыш мамлекеттери Москваны айыптап, деңиз аскерлерин бошотууга чакырууда. Бирок Орусия деңиз аскерлерин 25-январга чейин камакта калтырды.