Кубанычбек Орозматов Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орунбасары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону 1-декабрда расмий кабарланды.
Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Нурбек Дүйшөналиев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орунбасары кызматынан алынды.
Кызматтан бошотуулардын чоо-жайы айтыла элек.
Кубанычбек Орозматовдун аты 2014-жылы Бишкектин Жал кичирайонунда аскерлерге мыйзамсыз батир бөлүштүрүү ишинде аталганы тууралуу 24.kg агенттиги жазды. Ага каршы Аскер прокуратурасы тарабынан "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Шалаакылык" беренелери менен козголгон кылмыш иши мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу токтотулган.