Ысык-Көлдө катуу шамалдан имараттар зыян тартты

Шамалдан кийинки абал. 1-декабрь, Каракол шаары.

Ысык-Көл облусунда 1-декабрга караган түнү катуу шамалдан бир катар турак-жайлар жана социалдык объектилер зыян тартты.

Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Адис Кыдыкбаев билдиргендей, калаада тактоо иштери жүрүп жатат. Анын айтымында, шамал турак жайлардан тышкары төрөт үйүнүн, айрым мектептердин чатырларын учуруп кеткен. Азырынча канча имарат жабыркаганы жана чыгымдын көлөмү аныктала элек.

"Чыгышэлектр" ишканасынын басма сөз катчысы Гүлмира Тониева билдиргендей, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жана Түп, Жети-Өгүз райондорунда электр мамыларын кулатып, зымдар үзүлгөн.

Электр энергиясындагы авариянын көбү Каракол шаарында болгон. Адистер 1-декабрда таңкы саат бештен бери оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат. (AsM)