Өкмөт мигранттарга арзан насыя берүүнү сунуштады

Төртүнчү "Мекендештер" форумуна келген чет жакта иштеген кыргызстандыктар. Чолпон-Ата. 8-август, 2018-жыл.

Экономика министрлиги чет өлкөдө иштеп жүрүп, Кыргызстанга инвестиция салууну каалаган мигранттарга жардам берүү максатында “Мекеним” программасын иштеп чыкты.

Ага ылайык, ишкерлер “1+1” принцибине ылайык 36 айга 1 млн. долларга чейин жеңилдетилген насыя ала алат. Башкача айтканда, мигрант бизнес долбоорго канча акча салса, ошончо каражат “Мекеним” программасынын алкагында бөлүнүп берилет. Жеңилдетилген насыяны коммерциялык банктар берет. Өкмөт республикалык казынанын эсебинен насыянын үстөк пайызын колдоого алат. Ал эми мигранттарга канча үстөк пайызы менен насыя берилери көрсөтүлгөн эмес.

Программага катышууну каалагандар бизнес-пландоо, бизнести өнүктүрүү жана финансылык сабат боюнча атайын окуудан өтүп, кеп-кеңеш алышат. Демилгечилер “Мекеним” программасы кыргызстандыктардын кайтып келүүсүнө шарт түзөт деген ишенимде.

Программанын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул жылдын 9 айында чет жактагы кыргызстандыктар мекенине 1 млрд. 870 млн. доллар которгон. Анын 95% Орусияда иштеген мигранттарга туура келет. (КЕ)