Бишкекте "Көрүнбөгөн аялдардын кыялы" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бишкекте өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсү.

Бүгүн Бишкек шаарындагы "Ololo House" борборунда "Көрүнбөгөн аялдардын кыялы" көргөзмөсү ачылды. Анда ВИЧ илдетине чалдыгып, оор тагдырга кабылган 16 аялдын портреттери коюлган.

Коюлган сүрөттөрдө ар бир аялдын кыялы чагылдырылган. Оор турмушуна карабастан алар жаштарга үлгү болуп, өз максаттарына жетүүнү көздөшөт.

Бириккен Улуттар Уюму уюштурган фото көргөзмө 1-декабрь - ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө арналган.

Көргөзмөнүн алкагында атайын бөлмөдө каалоочулар шилекейин тапшырып, СПИДге кабылган-кабылбаганын бекер аныктаса болот. Көргөзмө Бишкектин айрым соода борборлорунда жана коомдук жайларында да коюлуп, 10-декабрга чейин уланат.

БУУнун маалыматына ылайык 15тен 49 жашка чейинки курактагы аялдардын 23% 15 жашынан бери жок дегенде бир жолу зомбулукка учураган. Күйөөсүнүн жыныстык зомбулугуна кабылган аялдардын жарымынан көбү ар кандай оор жарааттарды алган. (GT/KR)