Парламентте айрым өлкөлөргө карата визасыз режим мыйзамы талкууланууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда алты жыл мурда 45 өнүккөн өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз каттам тартибинин мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзамдын мөөнөтү 2020-жылы аяктайт. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, визасыз каттам тартибин киргизүү туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошууда.

2012-жылы АКШ, Германия, Франция, Жапония сыяктуу дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алат. Бирок айрым эксперттер визасыз каттамды террорчулар да колдонушу мүмкүн деп сындап жүрүшөт. (TSh)