"Facebook" жана "Instagram" социалдык тармактары биринчи жолу жергиликтүү соттун чечиминин негизинде орусиялык колдонуучулар үчүн постторго бөгөт койду. Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасына шилтеме келтирип “Азаттыктын” орус кызматы жазды.
Москва шаарынын Тушин райондук сотунун чечимине ылайык, соцтармактар ""БТА банктын" ээси Кенес Ракишевдин кадыр-баркына доо келтирет" деген материалдарга чектөө койду.
Бул иш боюнча сотто 40 интернет-аянтчанын өкүлдөрү жоопкер болгон. Алар ишкерди жашы жете электер менен байланышууга, өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүүгө жана кылмыштарды жашырууга айыптаган материалдарды жарыялашкан.
Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл апрель айында кол койгон мыйзамга ылайык, күмөн санаткан материалдарды өчүрүүдөн баш тарткандарга 50 миллион доллар айыппул салынат. 26-ноябрда Кремль Орусиянын мыйзамдары менен иштебеген, коммуникациялык кызмат көрсөткөн чет элдик компанияларга карата өзүнчө мыйзам даярдап жатканы кабарланды. (ErN)