Ысык-Көлдө эки кичи автобус кагышып, 14 киши жабыркады. Анын биринде туристтер баратканын облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубахунов билдирди.
Окуя 25-ноябрда эртең менен Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын тушунда болгон. Кичи автобустун бири Тамга айылынан Каракол шаарын көздөй, экинчиси Караколдон Бишкекти карай бараткан.
Аварияда жабыркаган беш киши оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылса, бирөө жандандыруу бөлүмүндө. Жабыркагандардын баары кыргыз жарандары. Берки автобуста бараткан америкалык туристтер олуттуу жаракат алган эмес.
Маалыматка караганда, туристтер бараткан кичи автобус карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. (AsM)