Казакстандан бензин ташыган үч адам кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандан мыйзамсыз кара май ташып келе жаткан үч кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, чек арачылар "Чоң-Капка" бекетинде үч автомашинаны токтотуп текшергенде ичинен жалпысынан 1,5 тонна бензин куюлган желим челектер табылган. Документи жок жүктү алып өтүүгө аракет жасагандар милиция органдарына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанда күйүүчү май кескин кымбаттады. Айдоочулар мындай өзгөрүү алардын капчыгын кагып жатканын айтышууда. Ал эми мунай сатуучу компаниялар баанын көтөрүлүшү Орусиядан көз каранды экенин дагы бир ирет эске салып, муну дүйнөлүк тенденцияларга байлашат. (RK)