Парижде полиция демонстранттарга карата газ колдонду

Париж.

Парижде бүгүн полиция кызматкерлери кара майга салыкты көбөйтүүгө каршы чыккандарга карата көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Жаалданган топ президенттин резиденциясына кирип барууга аракет жасаганы үчүн ушундай чара көрүлгөнү кабарланууда.

Нааразылык акциясынын уюштуруучулары ага 30 миңдей адам чыгарын айтып жатышат. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ушу тапта Париждин көчөлөрүнө үч миңдей полиция кызматкери чыкты.

Протесттер Францияда өткөн аптада башталган. Аларга айдоочулар гана эмес, президент Эммануэл Макрондун саясатына нааразы адамдар катышып жатышат.

Бийлик өкүлдөрү салыктын көбөйтүлүшүн абанын тазалыгын сактоо, автоунаанын экологиялык жактан коопсуз түрлөрүн өнүктүрүү аракети менен түшүндүрүүдө.(RK)