Бишкектин жолдоруна алгачкы стробоскоп коюлду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетинин имаратынын алдындагы жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнө стробоскоп жабдуусу коюлду.

Бул тууралуу “Жол коопсуздугу” коомдук уюму билдирди.

Жарык берүүчү жабдуу жол белгилери менен кошо орнотулуп, 100 метр аралыкта турган машинеге жөө киши өтүп бара жатканы көрүнөт. Ал баскычын басканда иштеп, жөө жүргүнчү коопсуз өтө алат.

Мындай жабдуу электр энергиясын талап кылбай, күндүн нурунан кубат алып иштейт. (BCh)