Атамбаев курултайга катышкан жок

Чакыруу кагазы.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан курултайга келген жок.

Бул иш-чарага чакыруу жөнөтүлгөнүн жарандык активист Адил Турдукулов билдирген.

Бирок КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "Бул чогулуш Алмазбек Шаршенович бара турган жыйналыш эмес. Чыныгы коомдун өкүлдөрү болгон демилгечилер четте калып, жеке максаттарын көздөгөн уюштуруучулар басымдуулук кылганы оркоюп эле көрүнүп калды" деп жооп берген.

Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген темада курултай өтүп жатат. Аны бир катар коомдук-саясий ишмерлер уюштуруп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш мөөнөтүнүн алгачкы бир жылына баа берилерин айтышкан.

Курултайга президент Жээнбеков да чакырылган. Бирок ал өзү келген жок. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев анын атынан курултайдын делегаттарына салам жолдоп, сөз сүйлөдү жана бүгүнкү айтылган маселелер мамлекет башчыга жеткирилерин, чечимдер кабыл алынарын билдирди. (BTo)