Премьер-министр иш сапары менен Таласта жүрөт

Мухаммедкалый Абылгазиевдин буга чейинки аймактардагы иш сапары. Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-ноябрда жумушчу сапары менен Талас облусуна барды. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Албина Сулайманова билдирди.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышары айтылууда.

Анын ичинде премьер-министр Бакай-Ата районундагы "Нур" аттуу көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы "Эмилия" сүттү кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылындагы М.Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.

Мухаммедкалый Абылгазиев Чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн салынып жаткан көп кабаттуу үйгө да барат. (AlS\ErN)