Бишкектин мэриясы аба ырайына байланыштуу элге кайрылды

Бишкектин көрүнүшү.

ӨКМге караштуу Гидрометеорология борбору 24-ноябрда Бишкек шаарынын аймагында кар жаашы мүмкүн экенин эскертти. Буга байланыштуу Бишкектин мэриясы айдоочуларды автоунааларына кышкы дөңгөлөк тагып алууну жана аларды жолдун чекесине токтотпоону суранууда.

Билдирүүдө жолдун четиндеги машинелер кар тазалоого, кум чачууга жолтоо болуп жатканы айтылат.

Аталган борбор жер тамда жашаган тургундарды кездеме жана башка таштандыларды мешке жакпоого чакырды. Башкалаанын бийлиги үйдү мындай жол менен жылытуу экологияга терс таасирин тийгизип, абаны ыштап жатат деп эсептейт. (ТСГ)