Тажикстанда "салафизмди жайылткан" деп сегиз киши соттолду

Тажикстандын Жогорку соту салафизмди жайылтууга 2009-жылы тыюу салып, ал эми 2014-жылы аны экстремисттик уюм деп тапкан.

Тажикстандын Хожент шаардык соту исламдын өлкөдө тыюу салынган салафизм багытына "үгүттөгөн" сегиз жигитке өкүм чыгарды. Соттолгондордун төртөө студент, бири арабакеч, калгандары университетти жаңы бүтүргөндөр. Тергөөнүн материалдарында алар калаанын Себзор аймагында батирди ижарага алып, чогуу жашаганы айтылат.

Соттун маалыматы боюнча, 18 жаштагы Комрон Назмиддинов досу Абдуназар Назаров менен бирге жаштарга салафизмдин идеялары тууралуу баяндашкан. Сот Назмиддинов менен Назаровду алты жылга күчөтүлгөн абакка кести. Калгандары "кылмышты жашырган" деп алты айга соттолду. 20-ноябрда чыккан сот өкүмү азырынча күчүнө кире элек.

Тажикстандын Жогорку соту салафизм агымын жайылтууга 2009-жылы тыюу салып, ал эми аны 2014-жылы бул багытты экстремисттик уюм деп тапкан.