"Жалал-Абад шаарындагы №21 бакчадагы балдарга кол көтөрдү" деп сөз болгон 29 жаштагы тарбиячынын окуясы боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.
Анын айтымында, 21-ноябрда Жалал-Абад шаарынын тургуну Дилфуза Жаратова үч жашар кызын бакчадагы тарбиячысы уруп койгонун айтып, шаардык милицияга арыз жазган. Арыз “Денеге залал келтирүү” фактысы болуп катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин бала бакчада белгисиз аял балдарды кагып-силкип, чапкылап атканы тартылган видео Интернетке тараган. Окуя Жалал-Абаддагы бакчалардын биринде бир нече күн мурда болгону айтылган. Мындан кийин Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгы видеодогу тарбиячы иштен алынганын кабарлаган. Тарбиячы өзү болсо айрым маалымат каражаттарына анонимдүү маек куруп, видео монтаждалганын билдирген. (ErN)