ГРУнун башчысы Игорь Коробов көз жумду

Игорь Коробов.

Орусиянын аскер чалгын мекемесинин жетекчиси, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Коробов көз жумду. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 62 жаштагы Игор Коробов көптөн бери ооруп жүргөн. Башка маалымат айтылган жок.

Орусиянын аскердик чалгын кызматы акыркы кезде бир канча жаңжалга кириптер болуп, Батышта иликтөөлөр жүрүп жатат.

Лондон быйыл мартта Солсбери шаарында Скрипалды жана анын кызы Юлияны химиялык зат менен ууландырып, өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн жоопкерчиликти ушул мекеменин офицерлерине жүктөгөн. Ошондой эле бул мекеменин кызматкерлери хакердик чабуул жана чет жердеги шайлоолорго кийлигишүүсү үчүн да айыпталган.

Орусиянын аскер чалгын мекемесинин мурдагы башчысы Игорь Сергун 2016-жылдын январында кызматта турган кезинде көз жумган. Расмий маалыматта ал Подмосковьеде жүрөк оорусунан каза тапканы айтылса, АКШнын чалгын кызматтарындагы булактар ал Ливанда мерт болгонун кабарлаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн айда Башкы башкармалыктын 100 жылдык мааракесинде анын Советтер Союзундагы "ГРУ – Башкы чалгын башкармалыгы" деген атын кайра кайтарууну сунуш кылган. Азыр деле Батышта маалымат каражаттары бул кызматты "ГРУ – Башкы чалгын башкармалыгы" деп атап келишет.

1918-жылы түзүлгөн бул мекеме Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы, Тышкы чалгын кызматы менен катар негизги чалгын мекемеси болуп саналат.