Саясатчы Мамырова Жээнбековдун туугандарына кайрылды

Бөдөш Мамырова.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө президент Сооронбай Жээнбековдун туугандарына кайрылып, мамлекет башчысын уят кылбоого чакырды.

- Мен ушул жерден пайдаланып айтат элем. Куда-сөөк, тууган, жакындары, президентти ыңгайсыз абалга калтырбагыла. Өздөрүнүн жөндөмүнө, деңгээлине жараша кызмат кылып берсе деп айтат элем, -деди Мамырова.

20-ноябрь күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалындагы маегинде "азыркы бийлик туугандарын кызматка коюп жатат" деп сындаган.

Анын эртеси эле президент Сооронбай Жээнбековдун депутат кудасы Алиярбек Абжалиевдин тууганы мамлекеттик ишканага бөлүм башчы болуп барганы белгилүү болду. Бирок, коомчулуктун сынынан кийин депутаттын тууганы кызматтан өз каалоосу менен кетти. (TSh)