Мунапыс боюнча мыйзам кабыл алынса абактагы миңдей адамга жеңилдик берилет

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу сунуш кылып жаткан “Мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам ишке кирсе абактардагы миңдей адамдын көбүнө боштондук берилип, жаза мөөнөттөрү кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, ушул күндөрү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин ичинде талкууда турат. ​

- Мунапыс боюнча мыйзам долбоорун биз беш-алты депутат иштеп чыкканбыз. Талкуулар бүткөндөн кийин төрагага киргизгенбиз. Биздин тартип боюнча өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын пикирлерин сураганбыз. Анда өкмөт бир топ сын пикирлерди айтып, “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” жана “Коррупция” беренелери боюнча айыпталгандарга мунапыс берүүнү алып салууну сунуш кылган. Анткени "коррупцияга айыпталгандарга боштондук берүү коомчулукта туура эмес кабылданат" деген жүйө келтирилди. Бирок биз “төңкөрүш, башаламандык уюштурууга аракет кылды деп айыпталгандар ага кирсин" деген позицияда турдук. Мына ушундай жагдайларды эске алып, өзгөрттүк. Жакын арада жалпы депутаттардын талкуусуна чыгарабыз. Буюрса мыйзамды жаңы жылга чейин кабыл алып калабыз деп ойлойм. Бул мыйзам кабыл алынса ал миңге жакын адамга таасирин тийгизет. Соттун чечими чыгып, абакта олтургандардын айрымдары жаза мөөнөтү кыскартылат, айрымдары кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат, эркиндикке чыгат. Өтө оор беренелер боюнча айыпталгандарга гана мунапыс берилбейт, - деди ал.

Масалиев муну менен катар каралып жаткан мыйзам камакта жаткан саясатчылардын баарына колдонулбай тургандыгын айтты.

"Саясий куугунтук менен камалды" деп сөз болгон саясатчыларга мунапыс же ырайым берүү маселеси жаңы президент келгенден бери эле айтылып келатат. Алгач 20-июлда ал президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуусунда көтөрүлгөн болсо, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчылары менен кездешүүсүндө да айтылды.

Ал арада Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы президентке кайрылып, партия лидери Өмүрбек Текебаевдин жана аны менен чогуу камалган Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону талап кылды. Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин иши мунапыска туура келбей турганынан кабардар экенин билдирди. Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов да мунапыс Жапаровго тиешеси жок экенин айтып, анын ишин кайра караш керек деп эсептейт.

Кыргызстанда акыркы жолу мунапыс 2016-жылы, эгемендиктин 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата берилген. Ошол жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык анда 3 миң адам боштондукка чыгары айтылып, кийин миңдей адам азаттык алганы кабарланган. Азыр Кыргызстандагы жабык жайларда 12 миңдей адам кармалууда. (ErN)