АКШ орусиялык эки компанияга санкция салды

АКШнын финансы министри Стивен Мнучин. 14-февраль, 2018-жыл.

АКШнын Финансы министрлиги "Ирандын мунайын Сирияга ташууга катышкан" деп орусиялык эки компанияга санкция салды. Орусиянын "Промсырьеимпорт" ишканасы, анын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Догаев жана "Global Vision Group" компаниясы Вашингтондун «кара тизмесине» түштү. Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Вашингтондун маалыматына караганда, “Иран жана Орусия Асаддын режимин бекемдеш үчүн” колдонуп жаткан схемага каршы ушундай чара көрүлүп жатат.

"Промсырьеимпорт" – Орусиянын Энергетика министрлигине караштуу мекеме. Вашингтондун билдирүүсүндө "Global Vision Group" компаниясы сириялык ишкер Мохамед Альшвикиге тиешелүү экени белгиленет.

Америкалыктар ачкан схемага караганда, Ирандын Борбордук банкы ирандык ортомчу Тадбир Кишке акча которгон. Ал акчаны "Global Vision Group" ишканасына берген. Андан ары акча “миллиондогон баррел ирандык мунайды” Сирияга жеткиргени үчүн "Промсырьеимпортко" түшкөн.

5-ноябрда АКШнын Иранга каршы санкцияларынын экинчи баскычы күчүнө кирген. Санкциялардын бул баскычы Ирандын мунай сектору менен каржы тармагын бутага алган.

Вашингтондун Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычы быйыл август айында киргизилген.