Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги коңшусу Түндүк Корея чек арадагы күзөт пункттарын жардырып жок кылганын билдирип, видеосун көрсөттү. Маалыматка караганда, дөбө-дөбөлөрдөгү 10 түйүн жок кылынган.
Эки Кореянын чек ара сызыгы 248 чакырым. Ортосун эни төрт чакырымдык демилитаризация аймагы бөлүп турат. "Associated Press" агенттиги айрым эсептерге таянып, "чек арага Түштүк Кореянын 60, ал эми Түндүк Кореянын 160 көзөмөл бекети жайгаштырылган" деп билдирди.
Сентябрда эки өлкө лидерлери чек арадан адегенде аскерлерди алып чыгып кетип, кийин бекеттерди жоготууну макулдашкан эле. Эки өлкө демилитаризация аймагынын айрым бөлүктөрүн минадан тазалоону, ортодо каттамды жандантууну пландап жатат.
Быйыл 18-сентябрда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Пхеньянга барып, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушту.
Бул эки лидердин быйылкы үчүнчү саммити. Апрель жана май айларында өткөн саммитте алар Корей жарым аралын өзөктүк куралдан “толук” арылтууну жана 65 жыл мурда токтогон корей согушуна акыркы чекит коюуну убадалашкан.