Парламентте шайлоо каражатынын тизмесин талкуулоо сунушталат

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы сессиясында президенттик шайлоого кеткен каражаттардын тизмесин талкуулоону күн тартибине киргизүү сунушталат. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, сессияда жалпы эле өлкөдөгү акыркы кырдаалды талкуулоо тууралуу сунуш киргизилет. Ал жерде шайлоо каражаттарынын тизмеси, "Белизгейт", Леонид Маевский, экс-президент менен азыркы президенттин тирешине байланышкан маселе да бар.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жакында жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген, "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну "фейк" маалымат деп мүнөздөгөн.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда “Апрель” каналындагы маегинде 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген.