Жапонияда Renault-Nissan-Mitsubishi альянсынын башчысы Карлос Гон камалды

Renault-Nissan-Mitsubishi альянсынын камакка алынган башчысы Карлос Гон.

Бул тууралуу Nissan компаниясы билдирди. Жапон медиасынын кабарларына караганда, Гон көп жылдар бою өзүнүн кирешесин жашырып жүргөн. Ага катар компаниянын активдерин жеке максаттарда пайдаланган.

64 жаштагы Карлос Гон дүйнөлүк автомобиль индустриясындагы эң белгилүү адамдардын бири болчу, аны жапон полициясы 19-ноябрда Йокогаме шаарындагы кеңсесинде камакка алган.

Мурда британдык Financial Times гезити менен маегинде Карлос Гон анын аракети менен Nissan компаниясы банкроттуктан сакталып, өсүш баскычына чыкканын билдирген.

2017-жылдын жыйынтыгында Renault-Nissan-Mitsubishi жеңил автоунааларды сатуу жагынан дүйнөдө эң алдыңкы орунга чыккан. (UE)