Орусиялык ардагерлер жалданма аскерлер боюнча Эл аралык сотко кайрылды

"ЧВК Вагнердин" Сириядагы жалданма аскерлери.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери Эл аралык кылмыш сотуна Орусияда жеке аскерий компанияларды уюштургандар жана аларга жардам бергендерге каршы иликтөө баштоо өтүнүчү менен кайрылды.

Бул тууралуу Жалпы орусиялык офицерлер жыйынынын төрагасы Евгений Шабаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, Эл аралык Кылмыш сотунун прокурору Фату Бенсудга жөнөтүлгөн кайрылууну Жалпы орусиялык офицерлер жыйынынын Орусиянын 52 аймагынан чогулган 352 делегаты колдогон.

Аскер ардагерлеринин уюмдарынын эсеби боюнча Орусиядагы жеке аскерий компаниялардын (ЧВК) жоготуулары жүздөп саналат.

Офицерлер комитетинин төрагасы Шабаевдин айтымында, акыркы үч жыл ичинде Орусиянын ардагерлер уюмдарына жеке аскерий жана күзөт компанияларында (ЧВОК) кызмат өтөгөн орусиялыктардан миңдеген даттануулар түшкөн.

Орусиянын бийлиги өлкөдө жеке аскерий компаниялар бардыгын төгүндөп келет. Бирок аларда мурда кызмат өтөгөн ардагерлер менен каза тапкандардын жакындары жалданма аскерлер Донбасс, Сирия, Ливия, Борбордук Африка республикасы, Түндүк жана Түштүк Судан, Йемен, Азия менен Африканын башка өлкөлөрүндөгү жаңжаалдарга катышканын айтышат.

Эл аралык Кылмыш соту Жалпы орусиялык офицерлер жыйынынын кайрылуусуна кандай жооп берери азырынча беймаалым. Анткени, Орусия бул соттун мүчөсү эмес. (UE)