Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин имаратынын лифтинде белгисиз эркектен ыдык көргөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 19-ноябрда "Твиттердеги" баракчасына жазып, ошол күнү Жогорку Кеңештин имаратынын лифтинде бейтааныш эркек киши аны кучактаганга аракет кылганын айтты.
Маалыматты депутат "Азаттык" радиосуна да тастыктады.
- Келип, кучактаса таң калып калдым. Бүгүн депутаттык төш белгимди тагынган жок элем. Парламентке сырттагы мамлекеттик мекемелерден келген орто деңгээлдеги аткаминер окшойт. Эгер мен бул маселени көтөрүп чыксам, элде "Депутат айым көтөрүп чыкканга мындан башка маселе жокпу?" деген сөздөр пайда болот.
Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештеги жаш депутат айымдардын бири.
В лифте незнакомый сотрудник ЖК заигрывая, полез обниматься. Разобравшись что распускать руки в адрес депутата чревато последствиями, заявил что подумал что я рядовая сотрудница БД. А его коллеги-женщины попытались превратить в шутку. Это все, что надо знать о ворк харрасменте.
— Эльвира Сурабалдиева (@ElviraSur) 19 ноября 2018 г.
Депутат кыргыз коомунда аялдарды кемсинткен мамиле көңүл сыртында кала берерин айтып, буга олуттуу караш керек экенин кошумчалады.
Европада жана АКШда аткаминерлердин аялдарга жыныстык ыдык көрсөткөнү тууралуу маалыматтар эл аралык маалымат булактарына жарыяланып жүрөт. (SE)