Пентагон "18-ноябрда АКШ жетектеген эл аралык коалициянын абадан урган соккусу Дэйр-эз-Зор провинциясында карапайым тургундардын өлүмүнө себеп болду" деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын сайтында айтылат.
Маалыматтарга караганда, “Ислам мамлекети” террордук тобунун позицияларына жыйырмадай чабуул коюлган, карапайым кишилердин арасында жоготуу болгон эмес. Операция 16-17-ноябрда жүргүзүлгөн.
Күн мурун Сириянын өкмөттүк SANA агенттиги коалициянын Дейр-эз-Зор провинциясынын Хажин шаарынын четинде абадан коюлган чабуулдардан 40тан кем эмес жай тургун мерт болгонун маалымдаган.
Америкалык аскерлер Хажин шаарына сокку урган авиациянын коалицияга жана анын тарапташтарына тиешеси жок экенин билдирди. Буга байланыштуу Пентагон Сириядагы жаңжалдын бардык катышуучуларын Евфрат дарыясынын жээгиндеги макулдашылбаган чабуулдарды токтотууга чакырды.
Евфрат дарыясынын боюнда АКШ менен Орусиянын аскердик күчтөрү жайгашкан.