Жээнбеков: Кыргыз кинематографиясы санжыргалуу тарыхка ээ

Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков кинематографисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жээнбеков өз сөзүндө кыргыз киночуларынын жараткан образдары элибиздин рухий кенчине, дүйнө таанымына таасир берип, дүйнөлүк коомчулук учурунда улуттук киного “кыргыз керемети“ деп баа бергенин белгиледи. Президент улуттук кинематографиянын калыптанышы, өнүгүшү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта экенин айтты.

Бишкектеги кино тармагындагы инсандар катышкан ар кандай иш-чаралар өтүп жатат. Мындан сырткары “Ала-Тоо“ кинотеатрынын 80 жылдыгы дагы белгиленүүдө. Кыргызстандын тунгуч кинотеатры Бишкектеги тарыхый архитектуралык имарат да болуп саналат.

1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде “Кыргызфильм” киностудиясынын пайдубалын түптөгөн хроникалык-даректүү тасмалар студиясы ачылып, алгачкы жолу “Советская Киргизия” деген кинохроника тартылган.

Кыргыз өкмөтүнүн 1994-жылы 13-сентябрда чыккан токтомуна ылайык, Кыргыз киносунун күнү жыл сайын 17-ноябрда белгиленип келет. (TSh)