Шарапов: Шамбесайда энелерди сүйрөгөн милицияга укуктук баа берилсин

Шамбесайды ачууга каршы чыккандардын митинги. 2-февраль, 2018-жыл. (архивдик сүрөт).

Шамбесайда элге күч колдонулганы тууралуу маалымат иликтенип, юридикалык баа берилиши керек. Мындай талап бүгүн парламенттин жалпы жыйынында коюлду. “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Закир Шарапов ага чет жактагы эмгек мигранттарынан кайрылуулар келип жатканын айтты:

- Октябрь айында эл толкуп, ошол жерде жагымсыз жагдай пайда болгон. Зордук кылып, милициянын күчүн көргөзбөстөн тийиштүү органдар түшүндүрүү иштерин жүргүзсө андай болбойт эле. Энелерибизди, эжелерибизди сүйрөгөн милицияны Интернеттен көргөн биздин алыстагы мигранттар кыжырданып жатышат. Ошого юридикалык баа берүү зарыл.

Бул маселе парламентте буга чейин да көтөрүлгөн. Депутат Жанарбек Акаев акыйкатчы Токон Мамытовду Кадамжайга барып, Шамбесай алтын кени боюнча нааразылык билдирип жаткан элдин үнүн угууга чакырган. Ал кенди иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундарга милиция күч колдонгонун билдирип, “60тан ашып калган апаларды колун кайрып, өтө орой мамиле кылышты” деген.

Жергиликтүү милиция "Кадамжайдын Майдан айылында Шамбесай кени боюнча октябрь айында өткөн жыйында элге күч колдонулду" деген маалыматты четке кагууда.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы “Азаттыкка” милиция ал жерде коомдук коопсуздукту сактоо менен гана алек болгонун, эч кимге колу тийбегенин билдирди.

"Экология бузулат" деген негизде Шамбесай кенин иштетүүгө жергиликтүү элдин нааразылыгы көптөн бери токтобой келатат.

Шамбесайда болжол менен 12 тоннага жакын алтын бар экени буга чейин кабарланган. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. Учурда кенди иштетүү укугуна кытайлык “Тианди” компаниясы ээлик кылат. (RK)