Ымыркайды соодалоо фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө убагында алты бала башка үй-бүлөгө сатылган учур аныкталды. Дагы эки ымыркайдын дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу ИИМдин тергөөчүсү Буланбек Чойбеков “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө маек куруп жатып билдирди. Сатылган ымыркайлардын алды 2,2 жаш, кичүүсү быйыл августта төрөлгөн. Ымыркайлар болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган.
Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын 7-сентябрда жарыялаган.
Тергөөнүн баштапкы маалыматтары боюнча уюшкан топ 2016-жылдан бери ар кандай шартта баласынан баш тарткан аялдардын наристелерин бөлөк бирөөлөргө берип жүрүшкөн. Коомчулукту сестенкен окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам сатуу" (124) беренеси менен алты жаранга айып угузулду. Алардын бешөө камакка алынып, жакында эле бир дарыгердин айыбы “Кылмышты жашыруу” беренесине өзгөртүлүп, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылганы маалым болду.
Ал эми дагы бир адам ооруп жатканына байланыштуу айыбы угузула элек экен.
Ички иштер иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан бери бала сатуу окуясы боюнча 20 кылмыш иши козголуп, анын 14 сотко жеткен. Бирок соттон кандай чечим чыкканы жана жазага тартылгандардын саны боюнча маалымат жок. (КЕ/TSh)