Кыргызстандык балбан Балбай Дордоков Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болду.
"Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Дордоков грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, төрт беттеш өткөрдү.
Алгач жарым чейрек финалда ал ирандык Реза Хейролла Хедрини (Reza Kheirollah KHEDRI) 4:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда венгриялык Бенс Ковач (Bence KOVACS) менен беттешти. Бул күрөш 9:1 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасына аяктады.
Жарым финалда Дордоков грузиялык Нугзари Цурцумия менен күрөшүп, жеңишти алдырып койду (1:2).
Коло байге үчүн мелдеште Дордоков армениялык Норайр Хакхоян менен күч сынашып, 7:3 эсебинде жеңишке жетти.
Бул салмакта алтын байгени Грузия балбаны Нугзари Цурцумия алды. Ал финалда орусиялык Виталий Кабалоевди утуп алды.
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбандардан Калидин Асыкеев (87 кг.) алгачкы беттешинде, Тынар Шаршенбеков (63 кг.) жана Ренат Ильяз уулу (77 кг.) коло байге үчүн күрөшүүгө жол ача турган жооткотуучу беттеште атаандаштарына жеңилип, байгесиз калышты.
12-ноябрда башталган 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу 18-ноябрга чейин уланат. (ECh)